Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 26 райондун жерлери инвентаризацияланды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 411 | 0

Өлкөнүн 26 районунда жерлерди инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2019-жылдын биринчи кварталындагы жасалган иштин көлөмү 9 млн 142 миң сомду түзөт. Дагы 8 райондо жана 3 шаарда жумуштар уланып жатканын маалымат кызматы кошумчалайт.

Аткарылган иштердин натыйжасында айдоого жарактуу жерлердин аянты 59,2 гектарга кеңейгени аныкталды. Мындай көрсөткүч жайыт жерлерди жана башка аянттарды өздөштүрүүнүн эсебинен келип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM