Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө дан эгиндери жыйноо баштады

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 596 | 0

Өлкөнүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында дан эгиндерин жыйноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Чүйдүн дыйкандары дан өсүмдүктөрүнүн жыйноого эми киришти.

Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү берген маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 129 миң гектар аянттагы түшүм жыйналган.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштымалуу 12,7 гектарга көп.

Түшүмдүүлүк орточо гектарына 25,7 центнерди түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM