Биз менен байланышыңыз

Финпол Али Токтакуновго банктык документтерди көрсөтүү үчүн Ачык кат жолдоду

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 455 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго видео иликтөөсүндө көрсөтүлгөн бардык банктык документтерди көрсөтүү үчүн Ачык кат жолдоду.

Катта Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар жөнүндө жана Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун аталган акчаларга тиешелүүлүгү боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан Али Токтакуновдун банктык документтерин кароого уруксат алынганы жазылган.

Ошондой эле, соттун токтому менен 13-июнда «Азаттык Медиасына» тиешелүү документтерди алууга уруксат берилген. Андан соң 18-июнда документтердин жарымы, башкача айтканда, 4 млн доллар боюнча 8 төлөмдүк документтин көчүрмөсү берилген.

Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жагдайларга шилтеме келтирүү менен журналист тарабынан көрсөтүлгөн документтер Финполго келген эмес.

Видеоматериалда көрсөтүлгөн 200 млн доллардын документтери иликтөөгө берилбегендиктен, окуя боюнча чечим чыгарууга тоскоолдук жаратууда.

Финпол Али Токтакуновго өзүнүн жоопкерчилигин аткарып, иликтөөгө жардам берүүсү үчүн кайрылган.

Аталган кызмат тарабынан учурда зарыл болгон бардык документтер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана жакынкы убакта жыйынтыгы чыгарылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM