Биз менен байланышыңыз

5-июлда Шарджа-Бишкек авиакаттамы ишке кирет

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 502 | 0

Ушул жылдын 5-июлунан баштап Шарджа-Бишкек-Шарджа багытты боюнча туруктуу жаңы авиакаттам ишке кирет. Бул тууралуу аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Авиакаттамдарды «Air Arabia» (Бирикен Араб Эмираты) авиакомпаниясы ишке ашырат.

Каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү учат. Учуу убактысы 4 саатка жакын.

Кошумчалай кетсек, «Air Arabia» авиакомпаниясы 2003-жылы түзүлүп, 170 эл аралык  жана ички каттамдар боюнча Арабиядагы, Мароккодогу жана Египеттеги түйүндөрү менен кызмат кылып келет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM