Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясынын формалары мыйзамдарга ылайык келтирилди

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 413 | 0

Өкмөттүн токтомдору менен Бирдиктүү салык декларациясынын формалары, аларды толтуруунун жана берүүнүн тартиби мурда кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Коммерциялык эмес уюмдар тарабынан төлөнгөн стипендиялар киреше салыгы салынбаган каражат болуп саналат. Мурда билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендияларга гана киреше салыгы салынган эмес.

Мындан тышкары, багуусунда үч адамга чейин болгон салык төлөөчүлөр үчүн билим алууга социалдык эсептен чыгаруулар билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн — 25 %ынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

Мурда социалдык эсептен чыгаруулардын өлчөмү багуудагы адамдардын санына карабастан, 10 пайыздан ашпаган өлчөмдү түзүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM