Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Оштон атайын даярдыктагы кызматкерлер келди» деген кабар туура эмес

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 365 | 0

«Бишкекке Оштон Улуттук коопсуздук комитетинин атайын даярдыктагы кызматкерлери келди» деген кабар чындыкка коошпойт. Бул маалымат УКМК бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Социалдык тармактарда «УКМКнын Ош облустук бөлүмүнүн атайын даярдыктагы куралчан кызматкерлери Бишкекке келди» деген кабар тараган.

Учурда УКМК эч кандай атайын операция же атайын бөлүктү ташыган иш-чара жүргүзгөн жок.

Коопсуздук кызматы мындай кабарларды «фейк» деп эсептеп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга жасалган аракет катары сыпаттайт.

Буга байланыштуу УКМК мындай маалыматтарды таркаткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Жалган маалыматтарды тараткандарга карата мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилиги каралганын УКМК эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM