Биз менен байланышыңыз

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билдирүү жасайт [видео]

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 443 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 14:00дө билдирүү жасайт.

Бул тууралуу экс-президент бүгүн, 26-июнда Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге маалымдады.

«Жакында кайрылуу жасайм, ал жерде бардык суроолорго жооп болот», — деди ал кол тийбестигин алуу боюнча суроого жооп берип жатып.

Ушу тапта экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнүн жаныда анын тарапташтары чогулган. Алар Атамбаевдин экс-президенттик макамынын алынышы туура эмес деп эсептешет.

Атамбаев тарапташтары менен учурашып, Куран окулган соң, мал союлду.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ага 6 айып тагылган.

25-июнь күнү башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин талкуусунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге тагылган айыптардан беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деп тыянак чыгарганын билдирген.

Натыйжада комитет Атамбаевди «экс» макамынан жана кол тийбестигинен ажыратуу маселесин жалпы жыйында кароо сунушун жөнөткөн.

Парламент бүгүнкү отурумунда бул маселени күн тартибине киргизүү сунушталып, колдоо тапкан жок.

Copyright © 2017 Maral FM