Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда жер титиреди

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 454 | 0

Баткен облусунун аймагында жер тирирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта болгон.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM