Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда Казакстанга жардам берүүгө даяр

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 884 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ телефон аркылуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Түркистан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.

Өлкө башчысы Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда Казакстанга жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандардын сакайып кетүүсүн каалады.

Copyright © 2017 Maral FM