Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Улуттук башкаруучу компания» түзүлөт

Экономика | 25 Июн 2019 | 762 | 0

Кыргызстанда «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлөт. Бул боюнча 20-июнда өкмөттүн токтому чыккан. Акционердик коомду түзүүдөгү максат компанияларды башкарууну жаңы рыноктук принциптерге өткөрүү болуп саналат. Биринчи этапта ага мамлекеттин үлүшү бар болгон акционердик коомдор кире баштайт. Бирок 30у бир убакта өтпөйт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин айтымында, алар Малайзия, Сингапур, Казакстандын тажрыйбасын карап көрүшкөн.

30 акционердик коом этап менен өтөт. Бул бир канча жылды талап кылат. 106 мамлекеттик ишкананы өткөрүү боюнча экинчи этап деп божомолдоп жатабыз. Негизи мындай реформаны Казакстан 2006-жылы баштаган. Азыр жакшы көрсөткүч болуп жатат. Биз дагы, буйруса, ушундай көрсөткүчкө жетебиз деп ойлойбуз.

Сингапурда бул тажрыйба 50 жылдан бери колдонулуп, жакшы жыйынтык берип келерин ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов айтат. Бирок Кыргызстанда компаниялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы моделге байланыштуу эместигин белгилейт. «Негизги кемчилик ошол компанияны башкарууга келген кишилерде жана системада», — деп, буларга токтолду.

— Менимче, башкаруучу компания иштетебиз дегени оңой болбойт. Албетте, мындай модель башка өлкөлөрдө жакшы жыйынтык берип келет. Бирок бизде ал моделге байланыштуу деп ойлойбойм. Негизгиси аны ким, кандай башкарат? Ошол иштей турган 15 кишинин ыйгарым укугу кандай болот? Мына ушулар — маселе.

Темир Ажыкуловдун пикирин «Биз эксперт» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаев да кубаттайт. Ыкма жакшы болгону менен Кыргызстанда чет өлкөдөгүдөй моделдин толук аткарылышына көзү жетпесин айтат.

— Албетте, жакшы ой менен кылып жатышат. Бирок негедир бизде чет өлкөлүк тажрыйбаны алып келебиз деп, кайра эле жергиликтүү ыкмага түшүп калабыз. Эгерде чет өлкөнүн тажрыйбасын алабыз десе, анда ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомуна мамлекет 100% акционер. Башкача айтканда, ишкана толук мамлекеттин карамагында. Мындан улам экономист Искендер Шаршеев бул ыкмадан жакшы жыйынтык чыгарынан күмөн санайт. Анын пикиринде, ишкананын жакшы кирешеси болуш үчүн ал толугу менен жеке секторго өтүшү керек.

— Мамлекеттик ишкана болсо, жыйынтык болбойт. Анткени, мамлекет жоопкерчиликти ала бербейт. Өзү мамлекеттин ишканасы болбош керек. Аны толук жеке секторго өткөрүп берүү зарыл. Ошондо мамлекет бир гана салык салып турат.

Маалыматка ылайык, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун күзгө чейин ишке ашыруу мерчемделүүдө. Анда 15 кызматкер иштейт. Алгачкы эки жылда каржылоо гранттын эсебинен болору болжолдонуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM