Биз менен байланышыңыз

«Улуттук башкаруучу компания» түзүлдү

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 656 | 0

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

«Улуттук башкаруучу компания» кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

Компаниянын уставдык капиталынын бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун Юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM