Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: ЕАЭБ Кыргызстанды көмүскөдө калтырды

Күн чекит | 29 мая 2019 | 178 | 0

29-майда Казакстандын борбору Нур-Султанда Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнүн беш жылдыгына карата саммит өттү. Ага биримдикке кирген мамлекеттердин лидерлери катышты. Жыйында эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы энергетикалык рынокту түзүү жана биримдиктин алкагында интеграцияга тиешелүү 23 документке кол коюшту.

Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болду? Ушул теманын тегерегинде экономист Искендер Шаршеев менен «Күн чекит» программасында маектештик.

— Курамына беш мамлекет кирген ЕАЭБге беш жыл болду. Сиздин оюңуз боюнча, бул аралыкта ЕАЭБдин негизги постулаттары ишке аштыбы?

— Формалдуу түрдө жалпы мыйзамдаштыруу, техрегламенттер жана башка ушул сыяктуу маселелер толугу менен ишке ашты.

— ЕАЭБдин курамына киердеги берилген убадалар канчалык деңгээлде аткарылды?

— Кыргызстан биримдикке кирип жатканда, өкмөт көп нерсени убада кылган. Бири да аткарылбай, бардыгы тескерисинен чыкты. «Товарлардын баасы түшөт, экспорт күчөйт, аны менен катар товарлар чек арадан эркин өтүп, ири базарларга жол ачылат», — деген кур убадаларды беришкен. «Бажынын жыйнаган акчалары көбөйүп, сырьенун баасы арзандап, өндүрүштөр өсөт», — деп да айтышкан. «Орусиядан келген бизнесмендер Кыргызстандын товарларынын көбүн алат», — деген да сөздөр жүргөн. Жогоруда мен белгилеп кеткен убадалардын бирөөсү да аткарылган жок. Биримдикке киребиз дегенде, экономисттер учурдагы көйгөйлөрдү айтып, талдап бергенбиз. Бирок тилекке каршы, бизди укпай коюшкан. Жыйынтыгы мына, дыйкандарды, бизнесмендерди кыйынчылыкка түртүп отурабыз.

— Дүйнөдөгү соода согуштары жана санкциялары ЕАЭБке кандай таасир этти?

— Дүйнөлүк соода согушу ЕАЭБке түзмө-түз таасирин тийгизип жатат. Анткени, Орусия менен Казакстандын товар өткөрүшү боюнча маселелер жаралып жатат. Эң негизгиси, сыртта болгон санкциялар бизге түз тийген жок, бирок, улуттук мыйзамдарыбыз ЕАЭБдин мыйзамдарына шайкеш эмес болуп чыкты. Маселен, биримдикке мүчө болгондордун бири-бири менен товар алмашуусу, акча ушул сыяктуу нерселер эркин болмок. Каяктагы? Орусиядагы мигранттарга Кыргызстанга 100 миң рубль которгонго гана уруксат берип койду. Товарлар фитосанитардык көзөмөлдөн өтпөсө, киргизилбей жатат. Деги эле бардык жактан тыюулар салынды. Кыргызстанга болгон жеңилдетүүлөр дээрлик жокко эсе.

— Интеграциянын азыркы геосаясий жана экономикалык шарттарынын улуттук экономикабызга тийгизген таасири кандай болуп жатат?

-Кытайдан түшкөн товарларды сатып байычу элек. Ошол каналдардын бардыгы толугу менен жок кылынды. Улуттук транспорттук компаниялар Орусияга толугу менен экспорт кылчу. Кийим-кечек соодасын да жоюп салышты. Интеграция Орусия, Белорусия менен Казакстанга абдан жакшы иштеп, пайдасы жакшы болуп жатат. Ал эми Кыргызстан менен Арменияга аз пайда болуп жатат.

— ЕАЭБдин ишинин натыйжалуулугун кантип арттыруу керек?

— Эгерде биз башка биримдикке кирсек деле ушундай кыйынчылыктарды тартмакпыз. Себеби, өлкөнүн экономикасы, бюджети, калкы аз да. ЕАЭБде кайсы мамлекет чоң болсо, ошончо артыкчылык ала алат. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет болгондуктан, ушундай кырдаалга такалып жатабыз. Менин оюмча, Кыргызстан артыкчылыктарды башынан киргизип алса жакшы болмок. Бажынын көз карандылыгы сакталса, бул бизге абдан чоң жардам болмок.

Copyright © 2017 Maral FM