Биз менен байланышыңыз

Кой-Ташта Атамбаевдин тарапкерлеринин элдик штабы түзүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 503 | 0

Бүгүн 25-июнда Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин элдик штабы түзүлдү. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жазды.

Элдик штаб эртең өз ишин баштап, күнү-түнү иштейт.

Эске салсак, бүгүн, 25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Экс-президент Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча» Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясынын ишинин жыйынтыгына Башкы прокуратуранын корутундусу каралды. Анда Атамбаевге коюлуп жаткан 5 айыптоодо Кылмыш кодексинин «коррупция» беренеси боюнча кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылган.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM