Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн Казакстандын эки жараны кармалды

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 451 | 0

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги кичирайондордун биринен 1990-жылы туулган Е. Ж. жана 1983-жылы туулган А. А. аттуу Казакстандын Жамбыл облусунун тургундары кармалды.

Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө.

Кармалган жарандар Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамга ылайык, жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM