Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланат

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 472 | 0

Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык суроолору боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынын жакынкы убакта Бишкек шаарында өткөрүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Бейшенов  белгилегендей, өлкөлөрдүн  темир жол куруу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

Буга чейинки жолугушуу 5-июнда Бээжин шаарында өтүп, анда тараптар темир жолдун техникалык-экономикалык негиздери жана маршруттук түрлөрдү оптимизациялоо  маселелерин талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM