Биз менен байланышыңыз

«Акылды да, күчтү да Орусия үчүн колдонуп жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 950 | 0

Ишкер, мигрант Азамат Адылгазиев «Маралда» өтүп жаткан тегерек үстөлдө Орусия кыргыздарга Кыргызстан түзбөгөн  шарттарды түзүп берип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Оруссияда эмгектенген кыргызстандык мигранттарга ипотекага турак жай алууга мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эмгек келишими бар мигранттар үчүн 1 жылдык милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жасалып берилүүдө.

Бирок кыргыздардын акылын, күчүн бөлөк мамлекет өз үлүшүнө колдонуп жатат.

«Мигранттар Орусиядан 2.5 млрд сом которгонубуз менен Орусияга андан да чоң киреше алып келүүдөбүз. Миграция кызматындагы бошогон орундарга мигранттардын келишине мүмкүнчүлүк жок. Ал эми мамлекеттик кызматтарга келгенде мигранттардын укугу эске да алынбайт. Иштейм деп кеткен адам өз өлкөсүндө да жакшы иштей алат. Кыргызстанда бир да жаш кадр жок. Аларды колдоо тууралуу бир да партияда, өкмөттө сөз болбойт. Баары 2.5 млрд сом которулуп жатканына куштар», — дейт Адылгазиев.

Белгилей кетсек, «Маралда» «Мигрант көйгөйүн мигрант айтат» деген темада тегерек үстөл өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM