Connect with us

Кыргызстанда «Коопсуздук-2019» окуу-машыгуу башталды

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 542 | 0

Бүгүн Кыргызстанда «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуу башталат.

Иш-чара премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 11-июнда кол койгон буйругуна ылайык өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.

Машыгуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында өтөт. Анда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, чукул жана аскердик кырдаал киргизилген учурда режимди камсыздоодогу даярдыктар текшерилет.

Ага министрликтин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана облустагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкармалыктары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM