Биз менен байланышыңыз

Сүрөткө түшөм деп сууга агып кеткен кыздын сөөгү табылды

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 1505 | 0

Аламүдүн районуна караштуу «Теплые-Ключи» ээс алуу жайында 23-июнда Аламүдүн суусуна агып кеткен 2003-жылы туулган Д. И. аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Издөө иштерине мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 60 куткаруучу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу, туугандары  жана райондук ички иштер бөлүмүнөн кызматкерлери тартылган.

Д. Исакованы издөө иштери бүгүн, 24-июнда да улантылып, саат 13:00до болжол менен окуя болгон жерден 1 чакырым ылдый аралыкта куткаруучулар тарабынан табылган.

Маалыматка ылайык, маркум 23-июнда классташтары, мугалимдери жана ата-энелери менен бирге тоого эс алууга барышкан. Көз жумган 16 жаштагы кыз сүрөткө түшүү үчүн жээкке барып, тайгаланып сууга агып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM