Биз менен байланышыңыз

Түркия: Бийликтин күчү Стамбулда «сыналды»

Дүйнө | 24 Июн 2019 | 708 | 0

Кечээ Түркияда Стамбул шаарынын мэрин кайра шайлоо болду. Анда кайрадан оппозициячыл партиянын өкүлү Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Түрк бийлиги үчүн стратегиялык маанилүү делген бул шаарды башкаруу оппозициянын колуна кандай өттү? Бул саясий окуя эмнеси менен маанилүү? Түркия үчүн жаңы тарыхтын башталышыбы?

Бүгүн түнү Түркиянын Стамбул шаары уктаган жок. Себеби кечээ, 23-июнда Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин кайра шайлоо болуп өттү. Анда оппозициячыл «Элдик Республика» партиясынан талапкер Экрем Имамоглу кайрадан жеңишке жетти. Тагыраак айтканда ал жалпы добуштун 54%ына ээлик кылды. Ал эми учурда бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” (АК) партиясынан көрсөтүлгөн Биналы Йылдырым 45% добуш алды. Бул өткөн шайлоого салыштырмалуу, 9% айырма менен жеңилүү дегенди түшүндүрөт.

Мындан улам шайлоодо жеңип чыккан Экрем Имамоглу “Стамбулда эртең башкача таң атат” деп айтып, миллиондогон тарапташтарынын алдында балкондогу жарыш сөзгө чыкты.

“Стамбулда чукул мобилизация баштайбыз. Стамбулду биргеликте бутуна тургузабыз. Ошондой эле кыска убакытта чоң иштерди жасайбыз, ал үчүн көп иштешке туура келет. Азыртан баштап мага жолдош болгонуңуздар үчүн баарыңарга рахмат!”.

Ал эми бийликтин партиясынан талапкер болгон Биналы Йылдырым да дароо эле өзүнүн тарапташтарына кайрылуу жасап, атаандашын куттуктады.

“Мен аны жеңиши менен куттуктайм. Анын иштерине ийгиликтер каалайм. Ал эми ушул шайлоо кампаниясынын башынан аягына чейин мени менен чогуу жүргөн тарапташтарыма ыраазычылык билдиремин”.

Муну менен Стамбул шаарынын мэрин шайлоо Түркиядагы эң маанилүү саясий окуялардын бири болуп калды. Анткени 31-мартта Стамбулда шайлоо өтүп, анда оппозиция өкүлү Экрем Имамоглу Йылдырымды 13 миң добуш айырма менен жеңген. Бирок бийлик добуштардан шек санап, аны жокко чыгарып, кайрадан шайлоого бармай болушкан. Бирок бул ирет бийлик өкүлү Биналы Йылдырымдын добушу дагы азайып, Имамоглу андан 780 миң добуш айырма менен алдыга чыкты.

Эксперттердин айтымында, Түркиянын президенти Эрдоган үчүн да өз партиясынын Стамбулда жеңилиши көп нерседен кабар берет. Анткени Эрдоган да саясий карьерасын Стамбулдун мэри болуп баштаган жана “Стамбулду башкарган, Түркияны да башкарат” деген сөзү бар. Эрдоган бул ирет Экрем Имамоглуну жеңиши менен Твиттер аркылуу куттуктап, шайлоого карата “Улуттук дух өзүн дагы бир ирет көргөздү” деп баасын берген.

Стамбулдагы бул шайлоо дүйнөлүк басылмалардын да көңүлүн өзүнө бурду. Мисалы CNN телеканалы муну “Оппозиция чоң айырма менен жеңди:   Эрдоганга карата чоң сокку” деп атаса, Гардиан “Эрдоган үчүн Стамбулдун “алынышы” уят” деп тема койду. BBC NEWS болсо, “Бул Эрдоган жана анын партиясынын чөгүшү” деп бааласа, америкалык NY TIMES “Эрдоган Стамбулдагы шайлоону кайра өткөрүп, экинчи ирет жараланды” деп жазат.

REUTERS бул теманы “Эрдоганга каршы чоң жеңиш, Стамбул үчүн жаңы мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен чагылдырды. Дагы бир басылма “Эрдогандын партиясы 25 жылда биринчи жолу Стамбулду колдон чыгарды” десе, дагы бири Эрдогандын өзүнүн “Стамбулду башкарган, Түркияны да башкарат” деген сөзүн темага койду.

Жергиликтүү басылмалардан бийликке ыктагандар көпчүлүгү “Стамбул өз тандоосун жасады” десе, эксперттердин көпчүлүгү бийлик Стамбулдагы шайлоодо күрт азчылыгынын добушун эске албаганы үчүн жеңилди деп баалашууда.

Белгилүү болгондой, Стамбулда учурда расмий түрдө 16 миллионго чукул калк жашайт. Эми бул стратегиялык шаарды жаңы шайланган 49 жаштагы Имамоглу башкармакчы. Экрем Имамоглу өзү Түркиянын Трабзон аймагында туулган. Ал 1987-жылы үй-бүлөсү менен Стамбул шаарына көчүп келип, жогорку билимди Стамбул университетинде англичсе менеджмент бөлүмүндө алган.

Copyright © 2017 Maral FM