Биз менен байланышыңыз

Австрия парламенттик демократия боюнча тажырыйба алмашууга даяр

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 420 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австриянын парламентинин федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба алмашууга кызыкдар.

Өз кезегинде Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

Ал баса белгилегендей, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берет.

Инго Аппе ошондой эле өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажырыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM