Биз менен байланышыңыз

«Эгерде айыптоолор орун таппаса, Атамбаев сотко бере алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 514 | 0

Эгерде экс-президент Алмазбек Атабаевдин кылмыш иши жок болсо, анын төшүнө алтын орден тагып коюу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаев жарашып, эч кандай кылмыш иши козголбой, эл өкүлдөрү калп айтты деген сөз болсо, кылмыш иши козголгон башка жарандар да “биз деле жарашалы, ишибизди токтоткулачы” деп чыгат. Мындайда мамлекеттүүлүк жок болот. Ошондуктан Атамбаевдин маселеси аягына чыгышы зарыл.

«Азыр түштөн кийин кайра жарашалы дегидей эмне Кыргызстан аларга оюнчукпу? Бүгүн ЖК айыптарды көрсөтүп, Башкы прокурор кадам жасагандан соң жараштырганда эмне ишти токтотуп коймок беле?» — дейт Масалиев.

Анын айтымында, укук коргоо органдары кайсы бир саясатчыны жоопко тартса, аны саясий куугунтук катары баалоо адатка айланды.

Мындан сырткары, тарыхты биринчи жолу экс-президентке ишенбестик көрсөтүлүп жаткандыктан, түшүнбөстүктөр болууда. Мындан улам юристтер да көп чыр чыгарып жатышат.

«Атамбаев мамлекетти, элди ойлосо, дүрбөлөң кылбай сотко жактоочулары менен барып, далилдерин көрсөтүшү керек. Ошондо аброюу жогорулайт. Мыйзамга ылайык, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу үчүн анын макамын алып салуу зарыл. Ал үчүн айыпташ керек. Депутаттар берген сунушту тергөө органдары текшерет. Биз берген сунушту Башкы прокурор иликтейт. Ал 3 айда ишке ашпаса, айыптоо күчүн жоготот», — дейт депутат.

Масалиевдин пикиринде, Башкы прокурор депутаттардын Атамбаевге сунуштаган айыптарынын бир тобун орундуу деп табышы ыктымал. Эгерде айыптоо орун таппаса, Атамбаев сотко бере алат.

«Ошондо да жалпы парламентти сотко бере албайт. Себеби депуттар кабыл алган чечими боюнча жоопко тартылуусу мүмкүн эмес. Биз материалдарды сотко эмес, Башкы прокурорго жиберип жатабыз. Тийиштүү органдарга Атамбаевдин жоопкерчилигин карап чыккыла деп айтуу зарыл», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM