Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Австрия Парламентинин башчысы Инго Аппе келди

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 350 | 0

Австрия республикасынын парламентинин федералдык кеӊешинин президенти Инго Аппе бүгүн Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Инго Аппе мырзаны «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров тосуп алды.

Иш сапар учурунда Инго Аппе жетектеген Австрия парламентарийлери Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, парламентер аралык кызматташтык, мыйзам чыгаруу айдыӊындагы мамлелердин келечеги туурасында пикир алышат.

Расмий делегациянын курамы менен Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болушуп, «Ата-бейит» мемориалдык комплексинде 1916-жылдын курмандыктарын эскерүү, гүлчамбар коюу иш чаралары каралган.

Copyright © 2017 Maral FM