Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан ири көлөмдө аткезчилик тамеки колго түштү

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 374 | 0

Чек арадагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетине документтерсиз жана акциздик маркасы жок 59 миң кутуча тамеки ташыган унаа кармалды.

Окуя кечээ катталганын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү бүгүн кабарлады.

Аталган өткөрмө пунктуна жакын жердеги тарнспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан кармалган тамеки товарларында акциздик маркалары жана тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок болгон.

Бардыгы болуп 59 миң 500 кутуча тамеки чыкты. Анын болжолдуу баасы 3 млн сом деп айтылууда. Тамеки буюмдары менен автомашина убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бузуу материалдары мыйзамга ылайык мындан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Copyright © 2017 Maral FM