Биз менен байланышыңыз

Президент өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 413 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Жыйында өнөр жайдын, жеңил өнөр жайдын, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү келечеги жана азыркы абалы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Комитет инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM