Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Стамбул мэрлигине болгон кайра шайлоого катышты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 502 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул мэрин кайра шайлоого катышып, шайлоонун экинчи жолу өтүп жатканына өкүнөрүн билдирди.

«Албетте, мындай болбошу керек эле. Абалга жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен кайра шайлоо өтүп жатат. Мен стамбулдуктардын келечеги үчүн эң туура тандоо жасашат деп ойлойм», — деди Режеп Тайип Эрдоган.

Бүгүн Стамбулдун мэрин кайра шайлоо өтүп жатат. Негизги күрөш буга чейин 31-мартта орун алган оппозициялык «Респуликалык кыймыл» партиясынан талапкер Экрем Имамоглу менен бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» (АК партия) партиясынан  талапкер болгон Биналы Йылдырымдын ортосунда болууда.

Буга чейинки шайлоодо Экрем Имамоглу 48,8% менен жеңишке жетишкен болчу.

Шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылыктар жана шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 6-майда 23-июнда шайлоону кайра өткөрүү боюнча чечим чыгарган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM