Биз менен байланышыңыз

Учурда  өлкөдө 15 миң тонна балык өндүрүлүүдө

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 696 | 0

Бүгүн, 23-июнда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагындагы балык чарбасына барып, жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Учурда республикада болжол менен 15 миң тонна балык өндүрүлөт. Балык өндүрүү акыркы 10 жыл аралыгында жогорку өсүшкө ээ болду. Балык чарбасы мамлекеттин экономикасына зор салым кошууда. Учурда балыктын баасы 1 кг 200-250 сом болууда.

Жолугушууда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө балык өндүрүүчү фермерлерге министрлик да кол сунуп, суу сактагычтарды, табигый көлмөлөрдү ижарага берип, ошондой эле сырттан кирүүчү балыктын тоюттарына бажы алымдарын алып салуу сунушун колдойт», — деди министр.

Ошондой эле, Эркинбек Чодуев балык өндүрүүчү чарбаларды колдоп, ар дайым жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM