Биз менен байланышыңыз

Нарын: Мобилдүү клиниканын дарыгерлери акысыз медициналык жардам берүүдө

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 624 | 0

Бүгүн, 23-июнда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында бекер медициналык мобилдүү клиника ачылды. Дарыгерлерге 100гө жакын жашоочулар кайрылып жардам алышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мобилдүү клиника Жумгалдын айылдарын кыдырып, элге акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Андан сырткары, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да Жумгал районуна барып, саламаттык сактоо багытындагы маселелер менен таанышып, жеринен чечүүгө аракет кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM