Биз менен байланышыңыз

Түрк элчиси Аскар Айтматовго жооп берди

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 684 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мурдагы Тышкы Иштер министри Аскар Айтматовдун ачык катына жооп берди.

Элчи андагы жазылгандарды негизсиз жана деңгээли төмөн деп баалап, Түркиянын Кыргызстанга салып жаткан имараттарын, берип жаткан жардамдарын санап, «Аскар Айтматовдун булардан кабары жок окшойт», — деген таризде «жөөлөп» өткөн. Ал иштеринин катарына Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасындагы Чыңгыз Айтматов залын жасалгалап бергендерин кошуп, Чыңгыз Айтматов боюнча эң көп иш-чара өткөргөн кыргыздардан кийин эле түрктөр болгонун белгилеген.

Мындан тышкары, «Ван провинциясындагы этникалык кыргыздарга Түркия бийлиги тарабынан көрүлүп жаткан камкордук да Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын аркасы менен болуп жатат», — деп сыпаттаган.

Белгилей кетсек, буга чейин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка маалымат каражаттары аркылуу Ачык кат жолдоп, андагы талаптар аткарылбаса, кескин чараларга барарын эскерткен.

А.Айтматов түрк элчисине: Эмне үчүн кыргыз жарандарын душманга теңеп жатасыз?

Copyright © 2017 Maral FM