Биз менен байланышыңыз

А.Айтматов түрк элчисине: Эмне үчүн кыргыз жарандарын душманга теңеп жатасыз?

Блог | 21 Июн 2019 | 2383 | 0

Аскар Айтматовдон Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка ачык кат

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурунку Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка жазган ачык катын жарыялоону суранып, Elgezit.kg редакциясына кайрылган. Редакция катты эч кандай өзгөртүүсүз, автордун стили жана орфографиясын сактап жарыялаган.

Аскар Чыңгызовичтин айтымында, бул кат менен элчиликке 15-майда кайрылган, бирок Түркия элчиси тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Ошондуктан, Айтматов маалымат каражаттары аркылуу кайрылууга туура келгенин билдирди.

Түркия Республикасынын

Кыргыз Республикасындагы элчиси

Женгиз Камил Фыратка

Мен – Аскар Айтматов жалпы түрк элинин биримдиги үчүн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук жана достук мамиленин өнүгүшүнө салым кошуп келген кыргыз жараны болом.

Түркияны экинчи мекеним деп эсептейм. Түрк коомчулугунда ар кыл тармактагы адамдар менен байланыш түзүп келем. Ага карабай, акыркы убактарда сиздин бир кызыктай жана калыс эмес мамилеңизге күбө болдум.

Экөөбүз жолуккандан бери бир жыл өттү. Так бир жыл мурда мага жалаа жаап, каралай баштадыңыз. ФЕТО уюмунун мүчөсү деп жарыялап, Түркия жана түрк жарандары менен болгон мамилеме тоскоол болуп, ар кандай ушактарды таркатып баштадыңыз.

Анын акыркыларын мисал келтирейин:

Мен Анкарага болгон ар бир сапарымда Түркия президентинин кеңешчиси Ялчин Топчу жана парламент депутаты Метин Гүндогду менен жолукчумун. Ушул жылдын апрель айында алар Бишкекке түрк тасмаларынын жумалыгына катышуу үчүн келишти. Бирок, сиздердин жасаган кысымыңыздан улам алар мени менен жолуга алышкан жок.

Дагы бир мисал: убагында мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин курулушуна өз салымымды кошком. Аталган университет дүйнөлүк деңгээлдеги мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын негизги досу болгон, Түркиянын президенти Сулейман Демирелдин демилгеси менен тургузулган. Ошондо Демирель менен ортобузда ишенимдүү мамиле түзүлүп, ал кайтыш болгонго чейин достугубуз уланган.

Мен, кыргыз-түрк достугу жана кызматташтыгынын символу болгон – «Манас» университетине тиешем бар экени менен сыймыктанам. Белгилүү болгондой эле, аталган окуу жайдын кампусу менин атамдын – Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүрөт. Көптөгөн жылдар бою университеттин ректору Себахаттин Балжы мырза менен да достук мамиледе болдук. Мен ректорго майдын аягында, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүүнү сунуштайын дегем. Бирок, сиздин кийлигишүүңүздөн улам, ректор мени менен жолуга алган жок жана анын айынан болжолдонгон иш-чара уюштурулбай калды.

Балким, сиз Айтматовдун чыгармаларын окуган эместирсиз, жактырбашыңыз мүмкүн. Бул, албетте, сиздин жеке ишиңиз. Бирок сиздин ага арналган иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук кылууга укугуңуз жок. Айтматов Түрк дүйнөсүнүн жалпы руханий мурасы болуп саналат. Сиздин бул кылганыңыз Түркиянын элчилигине ылайыктуу аракет эмес.

Мен бир жыл бою унчукпай, сабыр менен сиздин арам ойлуу иштериңизге байкоо жүргүздүм.

Башында, «Дипломатиялык тажрыйбасы жетишсиз болгон жаңы түрк элчиси, ушундай жол менен Анкарага өзүн «мыкты» көрсөткүсү келип жатат», — деп ойлодум. «Акырында элчи эсине келип, мага карата айтылган маанисиз жана күлкүлүү божомолдору негизсиз экенин түшүнүп, тынчтанат го», — деп үмүттөнгөм. Тилекке каршы, менин үмүтүм акталган жок. Сиздин мындай мамилеңиз барган сайын өсүп жатты.

Акыр аягында мени сиздин кара санатайлыгыңызга көз жумуп, чыдай берүү тажатты. Сиздин жоруктарыңызга толеранттуулук жана философиялык жол менен чек коюуну чечтим.

Сиздин мындай терс аракеттериңизге байланыштуу бир нече суроолорум бар:

Эмне үчүн мени жактырбагандык менен өзүңүздү Түркиянын элчилигине ылайыксыз алып жүрөсүз? Мен ФЕТОнун мүчөсү эмес экеним сизге айдан ачык белгилүү болуш керек. Бул уюмдун эч кандай иштерине катышкан эмесмин. ФЕТОнун пайдасына тие тургандай билдирүү да жасаган эмесмин.

Тескерисинче, 2016-жылы 15-июлда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгондо, түрк каналдарынын биринде маек берип жатып, түрк эли баатырдык менен каршылык көрсөткөнүн, эң оор мезгилде демократияны жана өлкө келечегин колуна алып, сактап калганын айткам. Өлкөсү үчүн жанын берген баатырлардын жакындарына көңүл айтып, туруктуулук үчүн күрөшкөндөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалагам.

Же мени кызым «Сапаттын» системасы боюнча билим алып жаткандыктан ФЕТОнун мүчөсү деп жарыяладыңызбы? Эгерде ошондой болсо, анда сиз, бул система боюнча билим алып жаткан 15 миң баланы жана алардын ата-энелерин да ФЕТО деп эсептеп жатасыз.

Ошондо сиз Кыргыз Республикасынын президентин да, парламенттин төрагасын, премьер-министрин, Билим берүү министрин жана дагы «Сапат» билим борбору аркылуу иш жүргүзүп жаткан бир топ адамдарды да ФЕТО катары кароодосуз. Кыргыз жетекчилерин, кызмат өкүлдөрүн, балдарды жана алардын ата-энелерин ФЕТОнун мүчөсүнө кошуп чоң жаңылыштык кылуудасыз.

Мындай жол менен Кыргызстанда ФЕТО өтө олуттуу жана күчтүү түзүм экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатасызбы?

Мындай иш-аракеттер, ФЕТОнун пайдасына пропаганда жүргүзүп, аталган уюмдун имиджин жогорулатуу иши катары саналбайбы?

Эмне үчүн Түркияга жаңы досторду көбөйтүүнүн ордуна, сиздин өлкөңүздү жана түрк элин таанып, жакшы көргөн Кыргызстандын жарандарын душмандардын катарына киргизип жатасыз?

Же балким, мени экөөбүздүн алгачкы жолугушуубуздан кийин ФЕТО мүчөлөрүнүн катарына коштуңузбу?

Мен элчи катары дайындалып, Бишкекке жаңы келген түрк элчилердин баары менен жолукчумун. Кыргызстан тууралуу, биздеги абал тууралуу айтып, өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп, кыргыз-түрк кызматташтыгынын ошол кездеги абалын билдирип, аны өнүктүрүү боюнча керектүү кеңештерди берип келгенмин.

Сизге да дал ушундай мамиле жасадым. Элчи болуп дайындалып, Бишкекке келген учуруңузда алгачкылардан болуп түшкү тамакка мен чакырдым.

Сүйлөшүү учурунда «Сапат» билим берүү борбору сыяктуу актуалдуу жана сезимтал тема боюнча дос катары өз оюм менен бөлүштүм. Кыргызстан үчүн, Түркия суранып жаткан бул мектептин жабылышы өтө оор чечим экенин айткан элем.

Кыргыз элитасынын 90 %га жакын балдары аталган окуу жайдан билим алышат. Башка орто мектептерге салыштырмалуу аларда билим берүү сапаты жогору.

Башкача айтканда, тилекке каршы, бизде бул мектептердин ордуна сунуштай турган олуттуу альтернатива жок. Ушул себептен улам, 15 000 окуучунун ата-энелери үчүн түрк мектептеринин иштөөсүн улантуу абдан маанилүү болуп саналат.

Мен мындай пикир менен Түркияда да бир топ маанилүү кызматтагы адамдар менен бөлүшкөм. Алардын баары мага ыраазычылыгын билдиришип, ортодогу сүйлөшүүлөр Кыргызстандагы мектептердин маселелерин жакшылап түшүнүүгө жардам бергенин айтышкан.

Сиз болсо, мен достук үчүн бөлүшкөндөрүмдү кайра мага каршы колдондуңуз.

Бул учурду мага жалаа жабуу үчүн пайдаландыңыз. Сизге достук мамиле жасап, ишеним артканыма өкүнүп турам. Бул менин катачылыгым болду.

Сөзүмдүн аягында айтайын дегеним: ФЕТО мүчөсү деп каралаганыңыз мен үчүн өтө оор айыптоо болду. Мени ФЕТО менен байланыштырган сиздин фантазияңыздын натыйжасы.

Менин Түркия өлкөсү жана түрк эли менен болгон мамилеме тоскоолдук кылган аракеттериңизден улам моралдык жактан жабыр тарттым. Сиздин бул аракеттериңизди мага каршы жасалган бүлүндүрүү жана кастык иши катары карайм.

Мага каршы жалаа жапкан жана каралоо иштериңизди дароо токтотушуңузду талап кылам.

Бул катты алган соң, 10 күндүн ичинде, буга чейинки кылган аракеттериңиз үчүн кечирим сурап кат жөнөтүүңүздү талап кылам.

Болбосо, сиздин душмандык ишмердүүлүгүңүздү токтотуу максатында, мен бардык мыйзамдуу кадамдарга барууга аргасыз болом.

Бул боюнча эч кандай шегиңиз болбосун.

Аскар Айтматов, Кыргыз Республикасынын мурунку Тышкы иштер министри

15-май 2019-жыл.

Эскертүү: Орусчадан которулду

Copyright © 2017 Maral FM