Биз менен байланышыңыз

Аскар Айтматовдун түрк элчисине каршы арызы сотто карала баштады

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 783 | 0

26-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фыратка каршы жазган арызынын негизинде соттук процесс өттү.

Буга чейин Айтматов түрк элчиси анын абийирине шек келтиргенин айтып, сотко кайрыларын билдирген. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазып чыкты.

Анда Женгиз Фырат мурдагы министр Аскар Айтматовду Түркияда ФЕТО деп аталган кыймылга тиешеси бар экенин айтып, айыптаганы айтылат.

Ошондой эле “Сапат” билим берүү мекемелерин «террористтик мектеп» деп атап, «окуучулардын ата-энелери берген акча терроризмди каржылоого кетип жатат» деп айтканы жазылган.

“Фыраттын айтканы калп, абсурд жана аябай шылдыңдагандык. Элчи мени ФЕТОго тиешеси бар деп айыптап, жашы жете элек балдарды да аралаштырып, алардын ата-энелерин терроризмди каржылап жатат деп айтуу менен дипломатиянын жана жалпы адамдык моралдын чегинен ашып өттү”,-деп айткан Айтматов.

Мурдагы министр Биринчи Май райондук сотуна жарандык арыз менен кайрылган. Ал элчиден айткан сөздөрү үчүн кечирим суроосун талап кылууда. Алгачкы соттук отурум 26-ноябрда өттү. Бирок элчи алдын ала чакырылганына карабастан соттук отурумга келген эмес.

“13-декабрда өтчү соттук отурум боюнча чакырууну атайын кызматкер элчиге алып барган. Бирок күзөтчү аны киргизбей койгон. Женгиз Фырат чакырууну кабыл алуудан баш тартканын жана почта кызматкеринин тезинен имараттан чыгып кетүүсүн талап кылаарын котормочусу аркылуу билдирген”,-дейт Айтматов.

Анын айтуусуна караганда Фырат Женгиз менен жеке адам катары гана соттошуп жатат. Буга элчиликтин же Түркия мамлекетинин эч кандай тийиштиги жок.

Эскерте кетсек, Түркия Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесин «террористтик көз карашта» деп айыптап келет. Президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келген учурда да бул маселени көтөрүп, кыргыз бийлигин каршы күрөшүүгө чакырган. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аталган окуу жай мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM