Биз менен байланышыңыз

Айтматов: Түрк элчиси атайын кызматтар башка мамлекеттерде чалгынчылык кыларын ачык айтты

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 1356 | 0

Мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыратка ачык  кат жолдоду. Ал буга чейин элчиге жеке өзүнө багытталган кат жазып, элчи өзү тууралуу чагымчыл маалыматтарды таратып, каралоого өткөнүн айткан. Бул үчүн элчи кечирим сурап, жалаа жабууну токтотуусун талап кылган.

Ал эми Жеңгиз Камил Фырат Элчилик аркылуу расмий билдирүү таратып,  Айтматовдун кайрылуусу «маанисиз жана деңгээли төмөн кат» деп баалаган.

Аскар Айтматов бул билдирүүдө маалыматтар бурмаланганын, элчи жеке мамилени саясатташтырып жатканын белгилейт. Ошондой эле Кыргызстандын жеке иштерине аралашып, кыргыз жарандарын коркутканды токтотууну өтүнгөн.

Аскар Айтматовду түрк элчисинин кыргыз тарапка Кыргызстандагы ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча нота жибергени нааразы кылган.

— ЖИА жүздөгөн жаш ишкерлер кирген, өлкөнүн келечегинен үмүт берген Кыргызстандагы эң ири биримдик болуп эсептелет. Аларды ФЕТО уюмунун тарапташтары менен байланыштыруу туура эмес.

Ошондой эле экөө баарлашып турган учурда элчинин айткан сөздөрүнө азыркыга чейин маани бере албаганын белгилейт. Элчи Женгиз Камил Фырат Айтматовго түркиялык атайын кызматтар башка мамлекеттердеги ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн аныктоо иштерин жүргүзүшөт деп айткан. Айтматов түрк элчисинин кыргыз жаранына мындай маалыматты эмне максатта ачыктаганы түшүнүксүз экенин айтат.

Мындай маалымат ашкере купуя болушу керек. Сиз мага муну айтып жатканда эмнени көздөдүңүз? Анын үстүнө мени да ФЕТОнун мүчөсү катары көргөнсүз да. Же сиз мени коркутуу максатында бул планды ойлоп таптыңызбы?

Аскар Айтматов түрк элчисинин мындай аракеттери үчүн сотко берүү маселесин ойлонуп жатканын айтып, азырынча аны Кыргызстандын телеканалдарынын бирине дебатка чакырды.

«Докажите мою причастность к ФЕТО на открытых дебатах» — Второе письмо Аскара Айтматова послу Турции Дженгизу Фырату

Copyright © 2017 Maral FM