Биз менен байланышыңыз

Аскар Айтматов түрк элчисин сотко берди

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1636 | 0

Мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын үстүнөн Биринчи Май райондук сотуна арыз жазды. Анын билдирүүсүн журналист Нарын Айып Фейсбук баракчасына жарыялады.

Айтматов: «Жеңгиз Камил Фырат «Сапат» билим берүү мекемелеринде окуп жаткан бардык окуучуларды жана алардын ата-энелерин, аны менен бирге мени да түз айыптап, кадыр-баркыма доо кетирди», — деп эсептейт.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ушул жылдын 22-июнундагы пресс-релизинде: «Балдарын аталган мектептерге жиберген ата-энелер төмөнкү нерселерди билиши керек: балдардын окуусуна деп төлөнгөн акчанын бир бөлүгү Түркияда террордук уюм деп эсептелген ФЕТО уюмун каржылык жактан колдоого жиберилет», — деп жазылган.

Ошондой эле Айтматов тууралуу: «Аскар Айтматов ФЕТО уюмунун мүчөлөрү менен кызматташтыгын улантаарын жана «биздин балдар» деп айтып колдоорун билдирген акыркы чечимин чыгарды», — деп билдиришкен.

Аскар Айтматов билдиргендей, жогорудагыдай айыптоо элчинин жасай турган иши эмес. Дипломаттын коомго жат жүрүм-туруму ага карата «persona non grata» жарыялоого негиз болот.

Эске салсак, Айтматов: «Кадыр- баркыма доо кетиргендиги үчүн», — деп, Жеңгиз Камил Фыраттан 35 млн 21 миң сом моралдык чыгым төлөөнү талап кылып, аны аткарууга бир ай убакыт берген. Эгер аткарбаса, Кыргызстандын мыйзамдарына таянып, элчини сотко берерин эскерткен болчу.

Андан соң элчи Аскар Айтматовдун ачык катына жооп берип, анда катта жазылгандарды негизсиз жана деңгээли төмөн деп баалап, Түркиянын Кыргызстанга салып жаткан имараттарын, берип жаткан жардамдарын санап, «Аскар Айтматовдун булардан кабары жок окшойт», — деген таризде «жөөлөп» өткөн. Ал иштеринин катарына Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасындагы Чыңгыз Айтматов залын жасалгалап бергендерин кошуп, Чыңгыз Айтматов боюнча эң көп иш-чара өткөргөн кыргыздардан кийин эле түрктөр болгонун белгилеген. Муну менен катар, ал Аскар Айтматовду ФЕТО уюмунун мүчөсү экенин жарыялап, мындай учурда Түркия менен кызматташуу мүмкүн эместигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM