Биз менен байланышыңыз

Эркинбек Чодуев дыйкандарга кооперативтерге биригүүнү сунуштады

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 417 | 0

Учурда заманбап технологияларды колдонуу ыкмасы менен тамчылатып сугаруу, сууну үнөмдүү пайдалануу жакшы натыйжа берүүдө. Ошондой эле, дыйкандар биригип, кооператив түзсө, насыя алуусу жеңил болот, аны менен бирге өндүргөн азык-түлүк, жашылча-жемишин жогорку баада сатууга жакшы шарт түзүлөт. Мындай пикирин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында дыйкан-фермерлер менен жолугушуусунда билдирди.

Эркинбек Чодуев ошондой эле, кооператив түзүүгө министрликтеги тиешелүү адистер жардам берерин кошумчалады.

Жолугушууда дыйкандар сугат суунун тартыштыгы жана жеңилдетилген насыяларды алуу көйгөйлөрү менен кайрылышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында дыйкандар суроолорун беришип, айыл чарба адистеринен ынанымдуу жоопторду угушту.

Copyright © 2017 Maral FM