Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 22-июнь — Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган күн

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 588 | 0

Бүгүн 22-июнь Фашисттик Германиянын Советтер Союзуна кол салган күнү. Дал ушул күндөн тартып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

1941-жылы башталып, 1945-жылдын 9-майында аяктаган согушта совет эли фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн.

Улуу Ата Мекендик согуш, Дүйнөлүк экинчи согуштун маанилүү жана чечүүчү бөлүгү.

Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышып, 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.

Согушка катышкандардын арасында 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон.

Copyright © 2017 Maral FM