Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик кызматкерлерди коррупциядан арылган коомду курууга чакырат

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 675 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө, деп белгилейт.

«Бул кызматтарда дили таза, мекенчил, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр, жупуну жашоону сүйгөн инсандар иштеши керек», — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Мамлекеттик кызматкердин ар биринде элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнү куттуктоо катта белгиленет.

«Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек. Биргелешкен аракеттер менен биз өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максатыбызга жетебиз деп ишенем», — дейт мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын анын элине ар дайым биримдик жана тынчтык, өлкөбүзгө гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM