Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков финансы министрин кабыл алды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 505 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Салык кирешелери, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу, өлкөнүн бюджеттик ресурстарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны финансылык жактан камсыздоо маселелери каралды.

Бактыгүл Жеенбаева ушул жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады. Ошол эле убакта ал республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалууда.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM