Биз менен байланышыңыз

Премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасы ачылды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 552 | 0

Өкмөт үйүндө премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Салтанатка Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өкүлү Стефанос Кареклас катышты.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси өз сөзүндө техникалык колдоо жана өлкөнүн мамлекеттик органдарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн Европа Биримдигинин өкүлү Стефанос Карекласке ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Стефанос Кареклас премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасынын ачылышын канааттануу менен белгилеп, «эми ал өлкө калкынын көп бөлүгүнө жеткиликтүү» болуп калганын ырастады.

Жыйынтыгында Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Самат Кылжыев Европа Биримдигинин укук үстөмдүгүн күчөтүү, демократиялык принциптерди жана мыйзамдуулукту бекемдөө программасы менен мындан ары карай кызматташууга ишеним билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM