Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Экономикага пайда алып келбеген ишканалардын кереги жок

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 504 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда.

«106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл«, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, өкмөт башчы учурда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин бири да конкреттүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыкпай, демилге көтөрбөй жатышканын айтты.

Буга байланыштуу премьер-министр Экономика министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM