Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев менен жолугушуп турам, анын маанайы жакшы»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 894 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кездеги айрым күнөөлөрүн дайыма мойнуна алып келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев президент болуп турганда ишенген адамдарынын гана сөзүн угуп отуруп калган. Көп маселе ага жетпей, айланасындагы адамдар тарабынан чечилген.

«Биз сыяктуу айта тургандарга доступ болгон эмес. Мен 3 жыл кире албай койгом. Ар бир президенттин айланасына адамдар топтолот да, керектүү пикирлер кабыл алынып, жакшы ойлор президентке жетпей калган учурлар болот. Анын айынан катачылыктар көп кетүүдө» — дейт Орозова.

Ал мындан сырткары, Атамбаев менен жолугушуп турарын, анын маанайы жакшы-жаман пикирлерди айткан жери жок экенин белгиледи.

Эл өкүлү Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна каршы добуш бергенинин себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

«Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия болобу, талкууга катышкан комиссия болобу, демилгечи топ болобу — алардын баары мени менен катар Атамбаевдин убагында парламентте отурган. Азыр айтып жаткан сын-пикир, сунуштарды, Атамбаев кетирген кемчиликтерди ошол убакта эч бири айткан эмес. Атамбаевдин колунан мамлекеттик сыйлык алган, ага сунуштарды берген эң жакын адамдары ошолор болгон. Кылмыш жасаса, баары жооп бериши керек. Мынчалык шашылуунун кажети жок болчу. Депутаттык комиссия колдорду толук топтой электе жыйынга алып чыгып жатат. Мен ошондуктан, каршы добушумду бердим», — дейт Орозова.

Ал кошумчалагандай, ири долбоорлор боюнча Атамбаевдин күнөөлүү экенин далилдөө кыйын. Анкени, долбоорлор парламент аркылуу өткөн. Ал эми мамлекеттер аралык келишимдерге башка адамдар кол койгон. Атамбаев кызматтан кетти, демек, стабилдүүлүккө коркунуч келтире албайт.

«Атамбаевден башка да оппзициялык чоң саясатчылар, күчтөр бар. Учурда кылдат мамиле кылып, нааразычылыктарды чечүү зарыл. Өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу азыркы бийликтин колунда. Нааразы топтордун маселесин жергиликтүү бийлик өз деңгээлинде чечиши керек. Нааразычылыктарды башка күчтөр да пайдаланып кетиши мүмкүн», — дейт Орозова.

Copyright © 2017 Maral FM