Биз менен байланышыңыз

Евразия Өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтет

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 449 | 0

Бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Евразия Өнүгүү банкынын башкармалыгынын төрагасы, Евразия Элдеринин Ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Евразия Өнүгүү банкынын ортосундагы долбоордук ишмердүүлүк тармагында, анын ичинде транспорттук-логистикалык инфратүзүм, айыл чарба, энергетикалык сектор жана өлкөнүн аймактары менен иштерди күчөтүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, Евразия Өнүгүү банкынын Кыргызстанда жайгашкан каржы мекемелери менен жүргүзүп жаткан иштери тууралуу пикир алмашышты.

Өз кезегинде Евразия Өнүгүү банкынын башкармалыгынын төрагасы долбоорлор боюнча кыргыз компанияларынан келген сунуш-демилгелерди карап, иштеп чыгууга даяр экендигин маалымдады. Ошол эле учурда Кыргызстандын Өкмөтүнүн кепилдиги болгон шарттарда кыргыз тарабы менен башка дагы долбоорлор боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленди. Мындан тышкары, Евразия Элдеринин Ассамблеясы менен кызматташууну  өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM