Биз менен байланышыңыз

Төрага менен президент Баку-Бишкек каттамын ачууну талкуулашты

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 489 | 0

Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке түз аба каттамдары ачылат. Азербайжандын көмөгү менен Бишкек шаарында жаңы мектептин курулушу күтүлүүдө. Бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушканда талкуулашты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашып, кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Төрага Жумабеков Азербайжан мамлекетинин түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Ильхам Алиев боордош Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду.

— Биз түпкү тарыхы жана маданияты бир элбиз. Андыктан түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кеңешине жана Түрк ПА алкагындагы кызматташууга зор маани беришибиз керек, — деди Алиев.

Эскерте кетсек, Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Бакуда 17-19-декабрь аралыгында өткөрүлүүчү Түрк ПАнын жыйынына катышууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык отурумуна катышкан Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Салайдин Айдаров, Таабалды Тиллаев, Руслан Чойбеков, Ильхом Маннанов, Эрмамат Тагаев, Тынчтык Шайназаров жана Садык Шер-Нияз бар.

Copyright © 2017 Maral FM