Биз менен байланышыңыз

Ильхам Алиев Жапаровду Азербайжанга иш сапары менен келүүгө чакырды

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 196 | 0

28-октябрда Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин Азербайжан президенти Ильхам Алиевге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттын жүрүшүндө элчи Осмоналиев Азербайжандын башчысына президент Садыр Жапаровдун саламын жана пандемия учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырып жатканын жана жакын арада жолугушууга даяр экенин белгиледи.

Азербайжандын президенти элчи Осмоналиевди Азербайжанга келиши менен куттуктап, президент Жапаровду Азербайжанга иш сапары менен келүүгө чакырып, ага жакшы каалоолорду жолдоду.

Алиев Азербайжан кыргыз тарап менен байланыштарды активдештирүүгө үмүттөнөрүн белгилеп, Азербайжандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду кеңири талкуулоого даярдыгына өзгөчө басым жасады.

Copyright © 2017 Maral FM