Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Кыргызстанга инвестиция салганга даяр

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 609 | 0

Бүгүн, 5-февралда Азербайжан президенти Ильхам Алиев Баку шаарына жумушчу сапары менен келген Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Ушул жылдын күзүндө боло турган Азербайжандын президенти Алиевдин Кыргызстанга боло турган биринчи расмий сапарынын маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ильхам Алиев президент Сооронбай Жээнбековдун аракеттеринен улам кыргыз-азербайжан мамилелери сапаттуу жаңы деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи. Кыргызстандын экономикасына инвестиция жумшоого Азербайжан даяр экендигин билдирди.

Эки өлкөнүн достугунун жана бир туугандыгынын символу болуп кала турган Кыргызстан-Азербайжан достук Паркынын жана Бишкек шаарында жалпыга билим берүү мектебинин курулуш долбоорун тезирээк ишке ашыруунун, ошондой эле борбор шаарлардын ортосунда түз авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM