Биз менен байланышыңыз

Президент Азербайжандын президентин телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 497 | 0

Бүгүн, 24-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM