Биз менен байланышыңыз

24-июнда эл аралык «Жаш Булак 2019» жаштар форум-лагери өтөт

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 505 | 0

24-июндан 30-июнга чейин Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында эл аралык «Жаш Булак-2019» жаштар форум-лагери өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Форум-лагердин максаты: жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана коомдо өзүн-өзү өнүктүрүү аркылуу маданий моралдык жактан тарбиялоочу жана билимге шыктандыруу аянтчасын түзүп берүү болуп саналат.

Лагерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар, ошондой эле, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иш алып барган адистери катыша алат.

Форум-лагерге Өзбекстандан жана Орусиядан да өкүлдөр чакырылган.

Жаштар лагеринин алкагында локалдык илимий жана билим берүүчү тренингдер, чеберчилик сабактар, жарышуулар, таанымал инсандар менен жолугушуулар, билим берүү долбоорлорунун жана курстардын ачылыштары орун алат. Форум-лагерге катышуу акысыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM