Биз менен байланышыңыз

Ош шаары Түркиянын Сакария шаары менен кызматташат

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 511 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түркиянын Сакария шаарынын мэри Экрем Юже менен эки шаардын достук кызматташтыгы боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таалайбек Сарыбашов Сакарияда бир канча иш-чараларга катышып, тарыхый эки шаардын кызматташуусу оң натыйжа бере турганын билдирди.

Мындан сырткары, Оштун мэри Сакария университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Кошумчалай кетсек, Сакария Түркиянын өнөр жайы өнүккөн, тарыхый мурастарга бай, табияты кооз эң маанилүү шаарларынын бири болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM