Биз менен байланышыңыз

Азирети Муфтий Венадагы эл аралык конференцияга катышууда

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 572 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов Австриянын баш калаасы Вена шаарында «Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташуудан жалпы адамгерчиликке карай» аттуу эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Иш-чара Австриянын жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташтык борбору тарабынан уюштурулган.

Ага Европа, АКШ, Африка, Азия, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун жетекчилери, коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Эл аралык конференциянын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Эл аралык диндер жана маданият борборунун Башкы катчысына жана Кавказ Мусулмандары Дин башкармалыгын жетекчиси Шейх-уль-Ислам Гаджи Аллахшукюр Гумметке ыраазычылыгын билдирип, аялдардын, балдардын укугун коргоодо биргелешип иш алып баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле, биргелешип иш алып барган учурда гана жашообузда тынчтык жана бейпилдик орной турганын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM