Биз менен байланышыңыз

Көчкөнбай ажы Садиллаев Аалымдар Кеңешинин төрагасы болду

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 1791 | 0

Көчкөнбай ажы Садиллаев Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 26-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Ага жалпы аймактардан 220 делегат катышты.

Алгач курултайдын күн тартиби бекитилип, анын алкагында бир добуштан Азирети Муфтийлик кызматка Замир кары Ракиевди бекитишти.

Ал эми Аалымдар кеңешинин 21 курамы жаңылынап, анын төрагалыгына Көчкөнбай ажы Садиллаев дайындалды.

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдиновдун талапкерлиги жактырылды.

Садиллаев Көчкөнбай Жаныкулович 1959-жылы 13-сентябрда Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Өкмөт ошол жылы Зардалы айылынан Кара- Бак айылына элди көчүргөндүктөн, күбөлүккө атын Көчкөнбай деп жазып койушкан. Ата-энеси салт боюнча Нишанбай аттуу айыл аксакалына ат койуп берүүнү өтүнүшкөндө, “Ашыр датка” атабыздай даңктуу эл адамы болсун деп Ашырбай койгон. Ошентип, эки ысымды бирдей алып жүрөт.

Орто мектепти аяктаган соң Советтик армиянын катарында 1979-жылы аскердик милдетти өтөгөн.

Диний ишмердүүлүгүн 1989-1993 – жылдары Өбекстандын Бухара шаарындагы Мир Араб медресесинде мударрис (окутуучу мугалим) болуп баштаган. Андан кийин Молдо Сабыр устаздын демилгеси менен Кыргызстанга келип 1994-1996 – жылдары Сокулук районунун Кызыл Туу орто мектебинде мугалим болуп иштеп, ошол айылга диний медресе уюштурган.

1997-1998- жылдары Ысык Көл облусунун Кара Кол шаарында “Кара Кол”медресесинин мүдүрү кызматын аркалаган.

1998-1999 — жылдары «Азрети Умар» атындагы Ислам институтунда проректор болуп иштеген. Ислам институтунда иштеген жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасында жооптуу катчылык милдетти да аркалаган.

1999-2002-жылдары Чүй облусунун казысы болуп иштеген.

2003-2006-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында, Азрети муфтийдин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 1-2-3-5-6 чакырылышынын ардактуу мүчөсү.

Үй бүлөлүү, 3 уул, бир кыздын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM