Биз менен байланышыңыз

Токон Мамытов сотко кайрылып, мурдагы муфтийди үй камагына чыгаруусун өтүндү

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 964 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун судьясына кайрылып, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгаруусун суранды. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.

Ал ошондой эле прокуратура кызматына да кайрылып, судьяга Токтомушевдин баш коргоо чарасын кароо, аны үй камагына же башка жакка кетпөөгө кол коюу шарты менен камактан чыгаруу өтүнүчүн келтирүүсүн суранган.

— Акыйкатчы Башмыйзамдын 26-беренесине ылайык, кылмышка шектелип, бирок соттук чечим чыгып, күчүнө киргенге чейин ал жаран кылмышкер катары саналбай тургандыгын эскертет, — деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу өзүнүн кайрылуусун Ислам динине болгон сыйы деп белгилеген.

Белгилей кетсек, УКМК 10-февралда муфтият ажылык үчүн топтолгон акчаны жеке финансы компанияларына берип, ай сайын пайызын алып турушканы аныкталганын маалымдаган. Бул ишти жашыруу үчүн муфтияттын эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы айтылган.

10-февраль күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү кечинде ал дагы УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM