Биз менен байланышыңыз

Аалымдар Кеңеши: Комиссияга болгон кысымдан улам, курултай 29-майга жылды

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1613 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кечээ, 30-мартта чукул жыйынга чогулду. Анда Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылып, толук эки айдан кийин өткөрүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Курултай апрель айына белгиленген болчу. Анда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жаңы дайындоолор болмок. Бирок Аалымдар Кеңеши талапкерлердин тыю салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болгонун айтып чыкты. Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону да айтылды. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.

Мына ушул окуялардан улам чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынып, кечээ 30-марттагы жыйын онлайн өткөрүлгөн.

Кандай адам муфтий болушу керек?

Copyright © 2017 Maral FM